Жеңиш Молдокматов
"Замандаш" саясий партиясынын лидери

ЕАЭБдеги татыктуу орун
Жаңылыктар архиви

Партияларды мамлекет каржыласа, анда баары бийликчил болуп калат

“Биз өткөн парламенттик шайлоодо 45 миң добуш топтодук, бул жалпы шайлоочулардын 3,6% болгон. Сөз болуп жаткан мыйзам боюнча айтсам, мамлекет тыйынын бергенден кийин, контролго да алат да. Ошол көзөмөлү канчалык күчтүү болот? Партияны толугу менен мамлекеттин көзөмөлүнө берип койсок, эртеңки күнү баары тең бийликчил партия болуп калат да. Мыйзамдуу тийиштүү тараптар менен коомдук талкууда жетиштүү талкуулаш керек”, -деди “Замандаш” партиясынын төрагасы Жеңишбек Молдокматов Би-Би-Сиге.

Көзөмөл демекчи, аталган мыйзам долбоору боюнча партияларга финансылык көзөмөл да күчөтүлөт.

Мисалы, партиялар жыл сайын финансылык булактарын жана чыгашаларын ачыктап турушу керек. Бул тууралуу маалымат партиялардын сайтында жана ММК аркылуу берилип турат. Ошондой эле партиялар кирди-чыкты акчалары боюнча Боршайкомго да маалымат берүүгө милдеттендирилет.

2020-08-16 12:51:00