Жеңиш Молдокматов
"Замандаш" саясий партиясынын лидери

ЕАЭБдеги татыктуу орун
Жаңылыктар архиви

Нарын облусундагы шайлоочулар менен жолугушуу Ак-Талаа районунан башталды

Барыбыз билгендей 4-сентябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине шайлоонун үгүт иштерине старт берилди. Башка партиялардан айырмаланып “Замандаш” партиясы өзүнүн үгүт иштерин Ак-Талаа районунун эли менен жолугушуп, ак батасын алып, чоң жарышка аттанды.
“Замандаш” партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов башында турган талапкерлерди касиеттүү Ак-Талаанын эли, ак сакалдуу аталар, ак элечек апалар, атпай кыргыз журтуна таанымал таланттуу уул-кыздары баш болгон жергиликтүү эл жогорку деңгээлде уюшуу менен кадырлап тосуп алышты.
Жолугушууда Жеңиш Молдокматов партиянын басып өткөн жолу, бүгүнкү аткарып жаткан иштери жана келечек пландарын элге кенээн маалымат берди. Жергиликтүү эл өз уулуна жүрөктөн чыккан жылуу сөздөрү менен алкап, астына тулпар мингизип, ак жол тилеп, ак баталарын берип узатышты. “Бата менен эл көгөрөт, жамгыр менен жер көгөрөт” деген накыл сөз калпыс жерден айтылбаган чыгар, элибиздин ак батасы кабыл болуп, Жогорку Кеңеште элдин мүдөөсүн аткарып, мамлекетибизди алдыга сүрөп, татыктуу жашоо тартуулаганга өз салымын кошот деп ишенебиз.
“Акыл жаштан, асыл таштан” демекчи, “Замандаш” партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов билимге сугарылып, чет элдик тажрыйбаны көрүп, орус, англис, испан жана түрк тилдерин билип, элдин түйшүгүн жүрөгүнөн өткөрүп, жон териси менен сезип, саясатка бышып жетилген курагында аттанды.

2020-09-05 08:09:00