Жеңиш Молдокматов
"Замандаш" саясий партиясынын лидери

ЕАЭБдеги татыктуу орун
Жаңылыктар архиви

Дүйнө чемпиону, генерал Мелис ТУРГАНБАЕВ: «Спорт–менин жашоом, рахатым, арманым»

Спортчулар  спортто гана эмес, жашоодогу чыныгы жетишкендиктери менен башкаларга үлгү, өрнөк болгон мекенчил, өзгөчө инсандар.

Жеңиш туусун көтөргөн спортчулардан сырткары, ошол спортчулардын машыгууларына шарт түзүп, камкордук көрүп, демөөрчү болуп, дем берип турган адамдар саналуу гана. Алар спортчулар үчүн түмөн түйшүк көтөргөн, көп көйгөйлөрдү чечкен спорт федерацияларынын президенттери, мелдештердин уюштуруучулары, кара кылды как жарган калыстар, үй бетин көрбөй талаалап, спортчулардын чеберчилигин арттырган машыктыруучулар. Спорт ишмерлеринин зор эмгеги жөнөкөй көрөрманга, спорт сүйүүчүлөргө, ышкыбоздорго көрүнбөйт да, көп байкалбайт. Анткени алардын мээнети мелдеш учурунда анча байкалбай, спортчулардын гана дарамети, аракеттери, чеберчиликтери бааланып, күйөрмандар ошол ирмемде аларга гана арбалып кала берет. Былтыр күзүндө Грузияда өткөн ардагер спортчулардын арасында өткөн эркин күрөш боюнча дүйнө чемпионатында КРнын Дене тарбия жана спортуна эмгек сиңирген кызматкери, Кыргыз Республикасынын спорттук күрөш федерациясынын вице-президенти, өлкөбүздүн Эркин күрөш федерациясынын президенти, Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу, жаштар арасында СССРдин чемпиону, милициянын генерал-майору  Мелис Токтомамбетович Турганбаев бардык атаандаштарын утуп, дүйнө чемпиону аталып, алтын медаль тагынып, жаштарга өрнөк, үлгү болуп келип, дале табында, күч-кубаты менен далай балбанды жеңип алаарын далилдеген эле.

Мелисти мен жаш кезинен бери жакшы билем, үзөңгүлөш жолдош болуп жүрөбүз. Аны теңтуш катары өтө жогору баалап, кээде «анык көк жалсың» деп тамашалап коем. Чынында спорттук тагдырында Мелис Турганбаев жаш кезинде эле айырмаланып, эркин күрөш боюнча «СССР спорт чебери» наамына жетип, жаштар арасында СССРдин  чемпион болгон. Андан тышкары ал өлкөнүн коопсуздугун, калктын тынчтыгын сактоодо ички иштер тармагында да зор тоодой эмгек сиңирип, милициянын лейтенантынынан генерал-майорго чейинки, жөнөкөй милиция кызматкеринен Ички иштер министри кызматына чейинки жолду басып өтүп, мекенге адал кызмат кылган миңден кызматкерлерди тарбиялаган. «Даңк», «Күжүрмөн кызмат өтөгөндүгү үчүн» 2 даражасындагы медалы, «Кызмат үчүн» медалдары менен сыйлаганы- Шериктеш мамлекеттер ичинде иш чараны өнүктүрүү жана комплекс биримдигин бекемдөөгө да зор салым кошконунун далили. Аны Кыргызстанда гана эмес чет өлкөлөрдө дагы урматтап, сыйлап, мыкты инсан экенин баалашаарына өзүм дагы далай ирет күбө болгом.

Эми минтип Мелис Жогорку Кеңештин депутаттына «Замандаш» партиясынан талапкер болуп, маркум Мухтарбек Өмүракунов түптөгөн мекенчил партиянын тобун баштап, алдыңкы сапта тургандыктан, анын спорттогу өмүр жолу жаштарга үлгү, өрнөк болсун, кимдин ким экенин анык билсин деген максатта чакан маектешүүбүздү сунуштамакчы болуп турам.  

- Мелис Токтомамбетович, сиздин жашооңузда спорттун ролу, мааниси канчалык жана сиз аны менен кантип машыгып баштадыңыз эле?

- Спорт мен үчүн – жашоомдун маңызы, мен үчүн баары. Бүгүнкү күндө мен баардык нерсеге, ушул даражага спорттун таасири, көмөгү менен жеттим. Чечкиндүүлүк, намыскөйлүк, тырышчаактык, кайраттуулук, оттон, суудан кайра тартпаган жалтанбаган эрдик, темирдей бекем мүнөзүмдүн күчтүүлүгү сыяктуу сапаттардын баары спорттун жардамы менен калыптанып, мага турмуштагы, тобокелге баш байлаган кызматымдагы кыйынчылыктарды оңой жеңүүгө жардам берип, өбөлгө болду.

Мен Нарын облусунун Ат-Башы районуна караштуу Ак-Муз айылынан болом. Бир жолу жайында төртүнчү классты бүткөндөн кийин биздин мектепке Н.К.Крупская атындагы спорт интернатынын машыктыруучулары келген. Алар баарыбызды чогултуп, кароо сынак уюштурган. Биринчиден, алгач бизге бири-бирибиз менен, андан кийин күрөш менен машыккан балдар менен күрөшүүгө сунуш кылышкан. Ошондо мага өзүмөн бою кичинекей бала туш келген. Мен «аны көтөрүп чабам» деп ойлогом. Аны бир тарабынан кармайм, ал мени башка жакка ыргытат. Кайра кармасам, шамдагайлык менен суурулуп чыгып кетет. Ошентип бир нече жолу күрөшүп, күч сынаштык. Бирде ал жеңет, бирде мен жеңем. Бирок мен жеңилбестен, өз сүрүмдү, көктүгүмдү көрсөттүм. Ушуга машыктыруучулар көңүл буруп, мени спорт интернатка эркин күрөш менен машыгууга чакырышкан. Азыркыга чейин ошол жердеги окуя көз алдымда эсимден кетпейт. Бул менин тагдырымдагы бурулуш болсо керек.

- Жаңы жерге көнгөн кыйын болду беле?

- Айылдагы өспүрүм үчүн борбор шаарга келип, өлкө боюнча тандалган жаш спортчулар тарбиялаган Н.К.Крупская атындагы спорт интернатындагы биринчи чейрек аябай кыйын болгон. Ал окуу жайда аскердегидей катуу тартип эле. Таңкы саат 6да туруу, күнүнө 3 маал машыгуу, мектеп программасындагы бардык сабактарды окуу, анан кайра сабактарга өздүк даярдык. Кечки саат тогуз, ондо кирпиктен тартса жыгылчудай араң төшөккө жатчубуз. Бирок эң башкысы – биз үйүбүздү сагынчубуз, ата-энебизге куса болчубуз. Себеби, биз 11-12 жаштагы тал чыбыктай өспүрүм балдар элек да.  Көбү ушундай жүктү,түйшүктү көтөрө албай, окууну, машыгууну тыштап, үйлөрүнө кетип калчу.

- Эмне себептен сиз калып калдыңыз?

- Ошондой түйшүктүү күндөрдүн биринде мага жолукканы айылдан чоң атам атайын келген эле. Мен ага «бул жерде калгым келбейт, мени айылга ала кетиңиз» деп айтып, үйдү сагынганымды билдирдим. Ошондо ал «мени жана үй-бүлөнү уят кылба! Намыстуу бол. Азыр утурумдук кыйынчылыктарга чыдабасаң, сенден мыкты адам чыкпайт. Элдин намысына жараган эр азамат бол. Бул жер-чемпиондордун ордосу. Менин неберем СССРдин чемпиону болот деп сага ишенем» деген. Мен чоң атады уят кылбайын деп спорт жатак мектепте калдым жана бир аз убакыт өткөндөн кийин көнүп кеттим. Спорт менен «СССРге эмгек сиңирген машыктыруучу», устатым Сарыгул Чекиров тарбиялап, менден башка дагы жүздөгөн балбандарга күрөштүн ыкмаларын терең үйрөттү. Мени менен бирге күрөшкөн досторум, маркум Мурат Саралинов, Темир Сариев, Дүйшөн Ырсалиев, Мурат жана Алмаз Шамиев, А.Мишуров, М.Костопуло, Шамил Рахматулин, Шейшенкул Бакиров, Кенжебек Өмүралиев жана башкалар Кыргызстанда  жалпы күрөштүн өсүп-өнүгүшүнө колдон келген салымыбызды коштук.

- Сиз жөнөкөй опер кызматкерден милициянын генералына чейинки жолду басып өттүңүз. Спорт ушул жаатта сизге жардам берип, көмөгү тийдиби?

- Мен «милиционер болом» деп эч качан ойлогон эмесмин. Спортчу болгондуктан кийин машыктыруучу, устат болуп иштегенге жөндөмүм бар эле. Ошондой эле мен эркин күрөш боюнча СССР курама командасынын мүчөсү болгондуктан, спорттун бардык түмөн түйшүгүн, ысык-суугун баштан кечирдим. Кыргыз мамлекеттик университеттин (учурдагы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университети)  экономфагын бүткөндөн кийин бир жыл Ат-Башы районундагы “Кызыл-туу” колхозунда, өз айылымда  “Кызыл-туу” колхозунда экономист-бухгалтер болуп иштегем. Ал учурда машыгуу курч атаандаштык менен өтчү. Мен  алгач республика чемпионатында катышканымда жеңүүчүлөрдүн ичинен үчүнчү орунда тургам. Бир жолу биз кинотеатырдан кылмышкерди издөө тууралуу тасма көргөнбүз жана ошол кинонун таасири мененби, айтор бул нерсе меники экенин, менин жан-дүйнөмө жакын экенин түшүндүм. Ошондон кийин дайыма адамдарга жардам берип, алсыздарды коргоп, калктын коопсуздугун сактап, кылмышкерлерди кармоо керек деген сезим жан дүйнөмө тынчтык бербеди. Ленинград (учурдагы Санк-Петербург) шаарындагы СССРдин Ички иштер министрлигинин алдындагы Кылмышкерлерди издөө жогорку окуу жайын аяктагандан кийин  Бишкек шаарындагы Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнө  лейтенант болуп кызматка орношкондон баштап тагдырымды милицияга арнадым. Андан кийин кылмышкерлерди издөө башкы башкармалыгында, ИИМдин министринин орун басары, Бишкек шаардык Ички иштер башкармалыгынын жетекчиси, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри, соңку учурда  Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын төрагасы  болуп иштедим. Бардык учурда жумуш оор, тобокелге баш байлаган, бычактын мизинде турган күндөр болду. Өтө оор кылмыштардын бетин ачам деп Курманбек Бакиевдин бийлиги учурунда кызматтан айдалып, куугунтукталган, ишсиз бош жүргөн, артымдан аңдып, көзүмдү тазалоо аракеттери да баштан өттү. Эгерде ошондой учурларда спорт болбогондо, эркти түптөгөн эркин күрөш болбогондо, ошондой оор кыйынчылыктарды көтөрө алмак эмесмин. Мен азыр дагы табымда туруу үчүн жумасына эки жолу бассейнде эки километр сүзөм. Калган күндөрү килем үстүндө жаштар менен теңата машыгам.

- Жыйырма жылдан ашуун убакыттан бери Сиз эркин күрөш федерациясын башкарып келе жатасыз. Бул кызматты, милдетти жеке жумуш менен бириктирүү, эриш аркак алып жүрүү, балбандарга шарт түзүп, камкордукка алуу оңой болбосо керек?

- Жок, тескерисинче, спортчулардын чөйрөсүндө жүргөндөн ырахат гана алам. Анткени мен эркин күрөшсүз эч нерсени, жашоомду элестете албайм.

- Мурдакы жылы Бишкекте өткөн Азия чемпионатына даярдоо, өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин башында туруп, бардык жоопкерчиликти өз мойнуңузга алдыңыз эле. Бул сиздин жашооңуздагы эң маанилүү окуялардын бири болсо керек?

- Албетте, бул жашоомдогу эң манилүү окуялардын бири болду. Анткени биздин мамлекетте Азия чемпионаты өтүп жатканы, өлкөбүздүн кадыр-баркы үчүн эң маанилүү көрүнүш, элибиздин намысы, сыймыгы болчу. Ошондуктан, намысты бекем тутуп, өлкөбүздү оңтойсуз абалга калтырууга мүмкүн эмес экенин түшүнүү менен бардык аракетти Улуттук Олимпиада комитети, Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агентиги менен бирге көрүп, зор уюшкандыкта өткөрүп, Азия күрөш бирикмесинин президенти, даңазалуу балбан Даулет Турлыханов баш болгон бүткүл Азия мамлекеттеринин күрөш федерацияларынын жетекчилери терең ыраазы болуп, жогору баасын берип кетишти. Азия чемпионатын уюштуруу учурунда айрым кызматкерлерге катуу айтууга туура келген учурлар болду. Негизи эле менин мүнөзүм чукулураак, бирок мен ачуум тез тарап, көңүлүмө эч нерсе албайм. Эгерде бирөөнү таарынтсам, сөзсүз түрдө жанына барып «кечирип кой, дос» деп айтып, алдынан өтөм.

-Генерал Мелис Турганбаев жакшы кызматын тапшырып, парламентке эмне үчүн баратат болду экен?

-Мага «Замандаш» партиясынан сунуш түшкөндө, өлкөбүздүн тагдырын терең ойлонуп, коопсуздугу үчүн мыйзамдар дале чийки болуп жаткандыктан, турмуштук тажрыйбамдын негизинде айрым мыйзамдарга кабыл алып, айрымдарына толуктоолорду, өзгөртүүлөрдү киргизүү максатында парламентке барууну чечтим. Мисалы: 2010-жылдан кийин уюшкан кылмыштуу топторго каршы атайын мыйзам долбоору жазылды. Бизге Грузиядан атайын эксперт келип, Грузиянын тажрыйбаларынан бөлүштү. Европа мамлекеттеринин тажрыйбаларын да эске алдык. Ошол мыйзам долбоорунун куйрук-жалы кыркылбай кабыл алынганда, азыр ошол мыйзам жакшы иштемек. Адам укугуна каршы келет экен дешип, долбоор аябай чоң өзгөрүүлөр менен араң дегенде 2013-жылы кабыл алынды. Казактар биздин ушундай мыйзам долбоорун жазганыбызды угуп, атайын келип аны алып кетишти да, ошондой мыйзам кабыл алышты. Аларда ошол мыйзам жакшы иштеп жатат. Биз дагы ушундай мыйзамдарга кескин өзгөртүүлөрдү киргизип, алар иштей тургандай болушу керек.

Ошондой эле бизде сот системасын реформалоо жүрүп жатат. Ошол реформанын арты менен укук тармагындагы бардык кодекстер жаңы жазылды. 2019-жылдан бери Жазык кодекси, Жазык-аткаруу жана башка бир топ жаңы жазылган кодекстер иштей баштады. Жакшы жагын айта турган болсок, адамдарга гумандуу мамиле жасоо, майда кылмыштарга жеңил жаза кароо сыяктуу жактары бир топ. Бирок, ушул кодекстерде кемчиликтер да жок эмес. Алар жазылып жаткан убакта биз дагы сунуштарды, көз караштарыбызды билдиргенбиз. Акырында практиктердин сунуштары эске алынбай, теоретиктердин жазганы менен кабыл алынып калган. Анан калса, мыйзам долбоорун жазганда биздин элдин менталитетин да эске алуу зарыл эле. Себеби Европада жазылган мыйзам бул жакта иштебей калышы мүмкүн. Ошондуктан өзгөртүү, толуктоолорду киргизе турган көп жагдайлар бар. Дагы көп мыйзамдарга толуктоолорду, өзгөртүүлөрдү киргизүү учур талабы болуп турат. Түрмөдөгү жарандарыбыздын дагы укук, милдеттери, аларга көрүлгөн шарт-жагдайлар тууралуу дагы сунуш-пикирлерим бар эле. Чет өлкөлөрдөгү мигрант болуп жүргөн замандаштардын жашоо-шарттары, пенсиясы, алардын укуктары, илим-билим алуусу  тууралуу дагы мыйзамдарды кабыл алуу учур талабы болуп турат. Мен башкалар сыяктуу чоң убадаларды бербейм. Элибиздин коопсуздугу, тынчтыгы, бейпил жашоосуна шарт түзгөн мыйзамдар иштесе, аткарылса деген гана тилектемин.

-Сизге ак жол, ийгилик, жеңиш каалайм. 

Кабыл МАКЕШОВ,

спорттук баяндамачы,

 КР спорт журналисттер федерациясынын башкы катчысы

2020-09-09 04:57:00