Жеңиш Молдокматов
"Замандаш" саясий партиясынын лидери

ЕАЭБдеги татыктуу орун
Жаңылыктар архиви

«Биздин акыркы үмүтүбүз сизде!»

"Замандаш" партиясынан Жогорку Кеңешке талапкер, генерал Мелис Турганбаев Бишкек шаарынын 6-кичирайонунун тургундары менен жолугушту.

Борбор шаарыбыздагы 6-кичирайонунун № 2/1 жана 2/2 көп кабаттуу үйлөрүнүн тургундары генералга кыйрылышып, аны жолугушууга чакырышкан. Алар өздөрү дээрлик он жылдан ашык убактан бери жашаган батирлерге ээ боло албай жатканын билдиришти жана ал маселенин чечилишине көмөктөшүүнү өтүнүштү. 

Адвокат, ушул үйдүн тургуну Сергей Брюханов  2005-2007-жылдары Бишкек шаардык мэриясы тарабынан Сокурлар жана дүлөйлөр коомуна 6-кичирайондон жана Көк-Жар конушунан жер бөлүнүп берилгенин билдирди. Анын айтуусунда, 2008-, 2009- жана 2015-жылдары ал жерлерге үй салынып, курулуш бүтөрү менен аталган коомдун мүчөлөрүнө бөлүштөрүлгөн. Ар биринде 45 батир жайгашкан 4 үйдө учурда аталган коомдун өкүлдөрү жашап келет. Бирок, 2015-жылдын 30-январында Тобокел уулу Алтынбек жана башка адамдар Бишкек шаарынын Ленин райондук сотуна кайрылып, Сокурлар жана дүлөйлөр коомунун жетекчиси К.Мамбетакуновдун үстүнөн батирлер туура бөлүштүрүлбөгөнү тууралуу арыз жазып, 2016-жылдын 28-декабрында Бишкек шаардык прокуратурасы тарабынан анын үстүнөн кылмыш иши козголгон. Натыйжада, 2017-жылдын 14-мартында 4 үйдө жайгашкан 225 батир, кийин дагы 37 батир камакка алынган.

2017-жылы 28-июлда Мамбетакуновго тиешелүү кылмыш ишинде эркиндигин чектөө түрүндөгү жазанын мөөнөтү өткөнүнө байланыштуу токтотулган. Бирок, сот аталган батирлерди камактан чыгаруудан баш тарткан. 

Тургундар арыз жазган Тобокеловдун үйү, жер участогу бар экенин айтышат. Ал эми, талашка түшкөн батирлердин баардыгы бир бөлмөлүү, ар бир батирде жок дегенде төрттөн киши жашаганын жана алар жалгыз пенсиясынын көзүн карап жашап, үй сатып алууга мүмкүнчүлүгү жоктугун билдиришти. 

Мелис Турганбаев тургундарга бул иш менен жакшылап таанышкандан кийин мыйзам чегинде жардам берүүнү убада кылды. Тургундар ага ар түрдүү суроолорду берип, тийиштүү жооп алышты.

2020-09-09 11:06:00