Жеңиш Молдокматов
"Замандаш" саясий партиясынын лидери

ЕАЭБдеги татыктуу орун
Жаңылыктар архиви

ЕАЭБдеги татыктуу орун

Бул биз-Замандаш

«Замандаш» партиясы Кыргызстандын жарандарынын жашоо шартын жакшыртууну негизги максат катары белгилеген прагматикалык консерватизмдин партиясы.

Биздин саясий түзүмдүн борбору

“Замандаш” партиясынын саясий түзүмүнүн борбору болуп жаш курагына, расасына, диний ишенимине, улутуна, жашаган жерине карабастан, Кыргызстандын жараны эсептелет.

Партиянын принциптери

Партиянын ар бир иш-аракети Кыргызстандын элине бир гана пайда (экономикалык, руханий, саясий, социалдык ж.б.) алып келиши керек. Партиянын бир дагы иш-аракети Кыргызстандын элине зыянын тийгизбеши керек.

Мамлекеттин өнүгүүсүндө евразиялык жолду кармануу.

Жол улоочулук жана ынтымактуулук принциби.

Эл тарабынан тандалгандардын жоопкерчилиги жана ар бир жаранга адилеттүү мамиле.

Кыргызстандын элинин маданий жана руханий баалуулуктарын колдоо жана өнүктүрүү. Кыргызстандын элинин маданиятына терс таасирин тийгизе турган жосунсуз агымдарды четке кагуу.

1. ЕАЭБдеги татыктуу орун

   Максат-Кыргызстандагы бизнес жана айыл-чарба өндүрүүчүлөрү үчүн пайда табуу максатында ЕАЭБдин соода мүмкүнчүлүктөрүн максималдуу колдонуу.

           2020-2025-жылдарга карата максаттар:

-       Евразиялык экономикалык биримдик сунуштаган процедуралардын жана долбоорлордун айкындуулугунун эсеби менен интеграциялашууну күчөтүү;

-       ЕАЭБ стандарттарына шайкеш мыйзам чыгаруу;

-       Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу;

-       Мамлекеттик кызматкер менен түздөн-түз байланышуудан арылууга мүмкүнчүлүк бериши үчүн иш-кагаздарды электрондук форматка өткөрүү (бардык деңгээлдеги жана тармактагы мамлекеттик кызматтарды санариптештирүү);

-       ЕАЭБ алкагындагы жогорку окуу жайларында сөзсүз түрдө квалификациясын жогорулатуу системаларын ишке киргизүү жана кадрларды максаттуу даярдоо;

-       ЕАЭБ алкагында “чек арасыз жумуш издөө” электрондук системасын киргизүү;

-       Эмгек мигранттарына укуктук колдоо көрсөтүү жана ЕАЭБ аймагында ыңгайлаштыруу;

-       ЕАЭБ өнөктөштөр менен биргеликте долбоорлорду ишке ашыруунун эсебинен илимий технологиялык интеграция;

-       Өндүрүштүн толук циклин камсыздоо максатында өндүрүштүк жана айыл-чарбанын кооперациясы;

-       Өз өнүмүн сатуу үчүн айыл-чарба өндүрүшчүлөрүнө түз рынок табууга мүмкүнчүлүк бере турган электрондук айыл-чарба биржасын түзүү;

-       Логистикалык борборлорду ЕАЭБдин бирдиктүү логистикалык системасына кошуу;

-       Айыл-чарба өнүмүн ЕАЭБ аймагында жүгүртүү механизмдерин иштеп чыгуу;

-       Кыргызстандын ЕАЭБке карата инвестицияларын коргоо;

-       Айыл-чарба өнүмүн жана тамак-аш өндүрүшүн кайра иштетүү программаларын ишке ашыруу;

-       Экономикалык жана соода коопсуздугун камсыздоо;

-       Товарларды жана кызматтарды тастыктоо аркылуу экспорттоого багытталган өндүрүш.

2.   Үй-бүлө

      Максат-Үй-бүлө куруу чечимин кабыл алган учурдан баштап үй-бүлө институтун коргоо жана өнүктүрүү.

         2020-2025-жылдарга карата максаттар:

-       Салттуу үй-бүлөнү, жаңы дүйнө жаратуу максаты бар эки башка жыныстагы адамдардын сүйүүгө, сый-урматка жана жоопкерчиликке негизделген мамилесин бекемдөө;

-       “Үй-бүлө саясаты” жөнүндө мыйзамдардын топтомун иштеп чыгуу. Анын алкагында үй-бүлөлөрдү мамлекеттик деңгээлде колдоо, жогорку класстын окуучуларын үй-бүлө курууга даярдоо, жаш үй-бүлөлөрдү жеңилдиктер аркылуу колдоо, үй-бүлөдөгү балдар жеке үй-бүлө күтө турган куракка жеткичекти тиешелүү жеңилдиктер менен камсыздоо;

-       Каражат табуу үчүн мекенин таштап кеткен эмгек мигранттарынын балдарын колдоо;

-       Мамлекет тарабынан көзөмөлдөө аркылуу балдар үйүнүн тарбиялануучуларына үй-бүлө таап берип, балдар үйүн акырындык менен жоюу.

3.    Адам укугу жана эркиндиги

Максат-Адамдын жана жарандын укуктары, эркиндиги тууралуу мыйзамды өнүктүрүү.

          2020-2025-жылдарга карата максаттар:

-       Жеке адамдын кол тийбестиги тууралуу конституциялык мыйзам иштеп чыгуу;

-       Парламенттик көзөмөлдөө механизми аркылуу жарандардын конституциялык укуктарын коргоо;

-       Жеке адамдын укуктук кол тийбестигин камсыздоо механизмин түзүү;

-       Милициянын ишмердүүлүгүн коомдук көзөмөлгө алууну күчөтүү;

-       Кылмыш кодексинин нормаларын, жоруктар жана депенализация багыты боюнча кылмыштардын кодексин жакшыртуу;

-       Ички иштер органдарынын жергиликтүү мамлекеттик админисрациялар жана өзүн-өзү башкаруу органдары менен өз ара иштешүүсү.

4.    Жумуш жана эмгек акы

        Максат-Жаңы жумушчу орундар үчүн шарт түзүү.

          2020-2025-жылдарга карата максаттар:

-       Кыргызстан үчүн жеңилдетилген талаптар менен ЕАЭБ өлкөлөрүнө жана башка уюмдарга мамлекеттик деңгээлдеги соода-логистикалык байланыш куруу;

-       Өлкө боюнча орточо эмгек акынын 15%дан кем эмес көлөмгө көбөйтүү;

-       Инвесторлор, биринчи кезекте жергиликтүү инвесторлор үчүн жеңилдетилген шарттарды түзүү;

-       Экспортко максат койгон жергиликтүү өңдүрүшчүлөргө мамлекеттик колдоо көрсөтүү;

-       Жергиликтүү инновацияларды өнүктүрүү жана колдоо;

-       Кошумча чоң баа кошуу менен жогорку технологиялык өнүм чыгаруу;

-       Технологиялык жактан жакшыртуу;

-       Ойлоп табуучулар жана окумуштуулар үчүн кошумча база түзүү;

-       Интеллектуалдык жеке менчикти коргоо;

-       Экологиялык таза азык-түлүк жана керектөөчү товарлар;

-       Энергетикадагы натыйжалуулук жана жоготууларды кыскартуу;

-       Сууну үнөмдөө;

-       Альтернативалык энергия булактарын өнүктүрүү.

5.   Эл тарабынан тандалгандардын жоопкерчилиги жана ар бир жаранга адилеттүү мамиле

    Максат-Аткаминерлердин чечимдерин көзөмөлдөө үчүн коомдук жана мамлекеттик система түзүү.

         2020-2025-жылдарга карата максаттар:

-       Башчыларды таза жана атаандаштыкка негизделген шайлоолор аркылуу дайындоо;

-       Бийликтин иштөө натыйжалуулугун баалоо үчүн так критерийлерди аныктоо. Ага туура келбеген учурда мамлекеттик кызматкерди кызматынан бошотуу;

-       Өкмөттүн жарандар алдындагы отчеттуулугу;

-       Мамлекеттик органдардын айкын ишмердүүлүгү;

-       Коррупциянын себептерин жоюу;

-       Өкмөттү оптималдаштыруу;

-       Башкарууну санариптештирүү;

-       Административдик-аймактык реформа;

-       Жергиликтүү бирикмелердин жигердүүлүгүн арттыруу;

-       КР Өкмөтүнүн бул тармак үчүн көрүп жаткан чараларына парламенттик көзөмөл.

6.   Чек ара маселеси

     Максат-Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын демаркациялоо жана делимитациялоону аягына чыгаруу.

          2020-2025-жылдарга карата максаттар:

-       Өзбекстан Республикасы жана Тажикстан Республикасы менен болгон чек араларда тактала элек 25 аймакты делимитациялоо жана демаркациялоо;

-       Чек арага байланыштуу бардык курч суроолорду чечүү (курал колдонууну, жарандарыбызды жана аскерлерибизди барымтага алууну токтотуу);

-       2030-жылга чейин калган талаштуу аймактарды делимитациялоо планын даярдап, кабыл алуу;

-       КР Өкмөтүнүн бул тармакта жасап жаткан иштерине туруктуу парламенттик көзөмөл.

7.   Уюшкан кылмыштуулук жана мыйзам бузуулар менен күрөшүү

         Максат-Өлкөдө коопсуздук атмосферасын калыптандыруу.

          2020-2025-жылдарга карата максаттар:

-       Кылмыштуулуктун жана мыйзам бузуунун көрсөткүчүн 20%га кыскартуу;

-       Мыйзам бузуунун алдын алуу боюнча жаңы мыйзам даярдап, кабыл алуу;

-       Уюшкан кылмыштуулукка каршы жаңы мыйзам;

-       Уюшкан кылмыштуу топ тарабынан жасалган кылмыштарды эки эсе кыскартуу;

-       Баңгизаттар жана  психотроптук заттар  жөнүндө жаңы мыйзам иштеп чыгып, кабыл алуу;

-       Баңгизаттарды кыянаттык менен колдонгондорду 20%га кыскартуу;

-       Экстремизм жана терроризм тармагындагы кылмыштарды эки эсе кыскартуу;

-       Жол транспорту тармагындагы эл аралык макулдашуулардын нормаларын ишке ашырууну аягына чыгаруу;

-       Өлүмдү 50%га, жаракат алууну 40%га жана кырсыкты 30%га кыскартуу;

-       КР Өкмөтүнүн бул тармак үчүн көрүп жаткан чараларына парламенттик көзөмөл.

8.    Медицина жана саламаттык сактоо

Максат-Заманбап чакырыктарга туруштук бере ала турган саламаттык сактоо системасын түзүү.

2020-2025-жылдарга карата максаттар:

-       Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунан түз Кыргыз Республикасына жеткирүү деңгээлинде медициналык каражаттарды сатып алуу жөнүндө мыйзам иштеп чыгып, кабыл алуу;

-       Кыргыз Республикасынын аймагында жүгүртүлгөн негизги дары-дармектердин баасын 15-20%га төмөндөтүү;

-       Дары-дармектерге карата бааны негизсиз жогорулатууга жол бербөө үчүн ири соода тармактарын көзөмөлдөө;

-       Массалык оору учурунда дары-дармектер жетишсиз болуп калса, дарыканалар тармагын колдоо;

-       Медицина кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу жана тажрыйба алмашуу максатында ЕАЭБ жана башка уюмдар менен эл аралык кызматташууларды кеңейтүү.

9.   Билим берүү жана илим

          Максат-Билим берүүнү жеткиликтүү кылууну жогорулатуу.

          2020-2025-жылдарга карата максаттар:

-       Кыргызстан жарандарынын жогорку билим жана кесиптик билим алуу боюнча конституциялык укугун ишке ашыруу үчүн билим берүүчү кызматтардын түрдүүлүгүн кеңейтүү;

-       Бардык улуттун өкүлдөрү жана калктын түрдүү катмарындагы жарандар үчүн жогорку билим алууда бирдей укуктарды камсыздоо;

-       ЕАЭБ жана башка эл аралык уюмдар менен студенттерди окутуу боюнча эл аралык кызматташууларды кеңейтүү;

-       Билим берүү тармагындагы товарлар жана кызматтар үчүн суроо-талап менен сунуштарды бири-бирине шайкеш кылуу, дүйнөлүк билим берүү алкагына кирүү;

-       Мамлекеттик буйрутманын негизинде аймактар үчүн адистерди мыкты окуу жайларда даярдоо, анын ичинде билим алуучуларды сынактын негизинде тандап алууну камтыган натыйжалуу механизмдерди иштеп чыгуу.

10. Маданият, искусство, дене тарбия жана спорт

           Максат-Кыргыз элинин маданий мурасын сактоо, жаштар арасында  дене тарбияны жайылтуу.

           2020-2025-жылдарга карата максаттар:

-       Өзүнө материалдык мурастарды (архитектуралык, тарыхый баалуулугу бар имараттар, курулуштар жана эстеликтер), материалдык эмес мурастарды (элдик, көркөм жана кол өнөрчүлүк искусствосуна таандык чыгармалар) жана маданий мурасты (салт-санаа, айтымдар, фольклор, тарыхый каармандар) камтыган кыргыз элинин жалпы мурастарын сактоо;

-       Этнографиялык, архитектуралык экспедицияларга, Кыргызстандын маданий мурасын изилдөө жана сактоо иштерине өз ыктыяры менен катышууну демилгелеген жарандарды колдоо жана өнүктүрүү;

-       Мамлекеттик жана мамлекеттик эмес маданий уюмдарды ар тараптуу өнүктүрүү, чыгармачыл бирикмелер жана башка коомдук уюмдар менен кызматташууну жана өз ара иштешүүнү бекемдөө, кыргыз маданиятын сактоо жана өнүктүрүү боюнча долбоорлорду ишке ашыруу;

-       Кыргыз элинин жарандык жана маданий бүтүндүгүнүн негизи катары кыргыз тилин өнүктүрүү жана коргоо, кыргыз тилин интернет айдыңында жайылтуу;

-       Республиканын жогорку окуу жайларында дене тарбияны калыптандыруу жана бирден бир приоритеттүү иш-чарага айлантуу, жаштар арасында спортту жайылтуу.

11.  Экология

         Максат-Экологияны сактоо жана өнүктүрүү.

-       Кыргыз Республикасынын бардык аймагы боюнча абанын, суунун сапатына, радиациялык фонуна мониторинг жүргүзүү системасын иштеп чыгуу;

-       Кыргыз Республикасындагы экологиялык абалга прогноз жасоо боюнча маалымат топтоо, иштеп чыгуу системасын түзүү;

-       Өлкөдөгү экологиялык райондор үчүн нормативдик-укуктук база түзүү жана экологиялык маалыматтарды сунуштоо;

-       Электр жана газ менен жүрө турган траспортту өнүктүрүү үчүн экономикалык шарт түзүү;

-       Бишкек шаарында таштандыны кайра иштетүүчү завод куруу демилгесин колдоо үчүн мыйзамдык актыларды даярдап, кабыл алуу;

-       Кыргыз Республикасынын мыйзамдык актыларына абаны жана сууну булгагандардын жоопкерчилигин кароо боюнча мыйзамдык нормаларды киргизүү.

2020-09-11 08:32:00