Жеңиш Молдокматов
"Замандаш" саясий партиясынын лидери

ЕАЭБдеги татыктуу орун
Жаңылыктар архиви

Чынара Шейшекеева: "Мухтар экөөбүздүн башыбыздан көп окуялар өттү, биз карапайым элдин көйгөйүн тереңден билебиз"

Бүгүн  "Замандаш" партиясынын талапкерлери Нарын облусунун Ат-Башы районунунда үгүт иштерин улантышты. Бул күнү алар Мухтар Өмүракунов туулуп-өскөн айыл Калининге да барышты. 

Тургундар талапкерлерди жылуу тосуп алышып, алардын программасына кызыгышты. Элет жерин кыдырып жүргөн талапкерлер Мелис Турганбаев, Чынара Шейшекеева, Алмаз Акматов, Айбек Жайлообаев "Замандаш" партиясынын 7 багыты боюнча кенен маалымат беришип, алдыга койгон максаттарын айтып беришти. 

Чынара Шейшекеева  маркум Мухтар Өмүракуновду эскерип, "Мухар элге жардам берген сайын жардам бергим келет деп айтчу эле. Себеби, экөөбүздүн башыбыздан көп окуялар өттү. Советтер союзу тараганда, ал чаар сумканы көтөрүп алып, бизге тиктирген шымдарды алып, Россияга саткан күндөрү болду. Апамды баш кылып баарыбызды тикмечи кылган. Арзыбаган акчага сатылуучу товарыбызды бажы кызматына тарттырып жиберген учурлар да болгон. Кай бир мекендештерибиз Кыргызстандан товар жүктөп, коңшу өлкөлөргө барып сатып, жан багабыз деп, поездде орун жок тикесинен тик туруп барышар эле. Мына ошонун баарын көрүп, Мухтар бир катар ассоцацияларды түздү. Ошентип, акыры "Замандаш" элдик партиясы түзүлгөн. Мухтардын өмүрү кыска экен, 45 жашында бул дүйнө менен кош айтышып кете берди.  

Эми азыр элибизде өтө көп көйгөйлөр бар. Туруктуу жашаган жери жок, конуштарда жашап, каттоосу жок канча жарандарыбыз жүрөт. Канчалаган балдарыбыз окубай калып жатат?!  А биз көз жаздымда калтырган канча маселе бар!  Мен бир мисал келтирип кетейин, 12 жаштагы жаш кыздарыбызды Россия, Казакстанга бала бактырганы алып кетип жатышат. Статистикага таянсак, 2, 5 миң кызыбыз ушундай максатта четке чыгып кетиптир. Муну арзан эмгек деп коет. Алардын тагдыры кандай болот ким билет? Айтып олтурса, арман көп. Биздин элдин табиятына коошпогон жат нерсенин баары болуп жатат. Ушинтип олтурсак, бизди кандай келечек күтөт? Биз ошол маселелерди чечели деп тажырыйбалуу адамдар менен Жогорку Кеңешке бара жабабыз. Бул жолу эл бизге татыктуу баа берип, колдойт деп ойлойм",-деп билдирди.

Тургундар элет жериндеги чечилбей келген көйгөйлөрдү көтөрүшүп, партия шайлоодо жеңишке жетишсе, аларды чечип берүүнү суранышты.  Талапкерлердин эмгектерин угуп, көрүп жүргөн ак сакалдар аларга ыраазычылыгын билдиришип, ак баталарын беришти. Бул күнү жерди трансформациялоо маселеси эң көп көтөрүлдү.

2020-09-16 15:49:00