Жеңиш Молдокматов
"Замандаш" саясий партиясынын лидери

ЕАЭБдеги татыктуу орун
Жаңылыктар архиви

"Замандаш" партиясы уюшулгандан бери ар бир шайлоодо ага добуш берип келген элеттик тургун партия быйыл жеңишке жетишерине ишенет

Ат-Башы районунун Баш Кайыңды айылынын тургуну Таалайбек Нусупов "Замандаш" партиясы жаңы уюшулгандан бери ага зор ишеним артып келет. Ал партиянын тарыхын жакшы билет жана ар бир шайлоодо элди аталган партияга добуш берүүгө үндөйрүн айтат. 

 "Адамда үмүт деген дайыма жашайт да. "Замандаш" быйыл жеңишке жетет деп ойлойм. Себеби, эл деле акыркы 5 жылда, өзгөчө жугуштуу илдет учурунда ким эл үчүн талбай иштеп келгенин түшүнүп калды. Менимче, карапайым эл бир-бирине жардам берди. Анан элдик кишилер аракет кылды. Мен бул партиянын 7 багытын жакшы талдап билем, айылдаштарыма да түшүндүрүп айтып жатам. 

Ат-Башыда жалгыз Мухтар Өмүракунов байкенин сүт заводу иштеп жатат. Райондун  эли сүтүн ошого өткөрүп, акчасын күнүмдүк керектөөсүнө жаратып жатышат. Шайлоого чейин эле көп колдоолорду көрүп келебиз. Эгерде, "Замандаштын" келечеги жок болсо, Мухтар байке каза болгондон кийин тарап кетмек. Тараган жок, иши уланууда. Анын келечеги бар",-дейт ал.

2020-09-17 14:59:42