Жеңиш Молдокматов
"Замандаш" саясий партиясынын лидери

ЕАЭБдеги татыктуу орун
Жаңылыктар архиви

Мекенге кызмат кылуунун үлгүсү

Пенитенциардык кесип илгертен эле жогорку рейтингдеги кесиптердин катарына кирген эмес. Түрмөлөрдүн жана абактардын кызматкерлерин «көзөмөлчү», «түрмө сакчысы» деп атап келишкен. Бирок, түзөтүү мекемесинин кызматкери күн сайын кандай коркунучка  жана тобокелдиктерге туш боло тургандыгы  жөнөкөй адамдын оюна да келбейт. 

Жогорку Кеңештин депутаты Т.Ахматбаевдин, Жазаларды аткаруу башкы башкармалыгынын башчысы И.Полотовдун жана башка кызматкерлердин өмүрлөрүн кыюу менен байланышкан 2005-жылдагы трагедиялуу окуялар, 2015-жылдагы кылмышкерлердин № 50 тергөө изоляторунун бир нече кызматкерин өлтүрүп, качып кетүүсү түзөтүү мекемесинде кызмат өтөө канчалык коркунучтуу болушу мүмкүн экендигин көрсөттү. 

Кызматтык түйшүктөрдөн тышкары кызматкерлерди медициналык камсыздоо, алардын соматикалык жана инфекциялык ооруларга чалдыгуулары, жаракат алуусу, аларды дарылоо жана ден-соолугун чыңдоо маселелери да орчундуу көйгөйлөрдөн болуп келген. 

Жазык-аткаруу тутумунун карамагында иштеп жаткан кызматкерлерден тышкары, 1800 пенсионер каттоодо турат. Өмүрүнүн көпчүлүк жылдарын өз кесибине арнап, оор кызматты аркалап келген ар бир ардагердин өлкөдөгү туруктуулукту сактоого жана системаны жакшыртууга кошкон салымы бар. Бирок, көп жылдар бою аларга татыктуу көңүл бурулбай келди, алар майрамдарда гана эскерилип, он чактысы чакырылып,  күнүмдүк турмушта алар менен байланыш үзүлгөн мезгилдер болду. 

Жазык-аткаруу тутумуна милициянын генерал-майору М.Турганбаевдин келиши менен ардагерлер менен иш алып баруу түп тамырынан бери өзгөрдү. Төрага ар бир маселеге өзгөчө көңүл буруп, чечкенге аракет кылат. Кызматка алгач киришкен мезгилде эле кызматкерлерди, ардагерлерди жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн дарылоо маселесин чечүү аракетин көрдү. Анын үстүнө, 2002-жылы жазык-аткаруу тутумунун Юстиция министрлигинин тутумуна өтүшү, жана андан кийин өз алдынча кызмат болуп кайра түзүлүшү менен кызматкерлерге мурда медициналык тейлөө көрсөтүп келген  ИИМдин госпиталы жазык-аткаруу тутумунун кызматкерлерине толук кандуу медициналык жардам көрсөтө алган жок. Ошентип, ЖАТтын кызматкерлери жыйырма жылдай мезгил аралыгында эч бир медициналык кызматка тиешелүү болбогондуктан, татыктуу медициналык тейлөө менен камсыздалбай калган. 

Генерал М.Турганбаев тарабынан бул маселени чечүү үчүн чара көрүлүп, ведомстолук мекемелердин бири госпиталү жана бейтапкана болуп кайра уюштурулуп түзүлдү. Заманбап оңдоп-түзөөдөн өткөн, стационары бар жана зарыл болгон медициналык жабдуулар менен камсыздалган үч кабаттуу госпиталү менен бейтапкана күнүнө 150 адамды кабыл алууга даяр. Ушул жылдын 6 айында гана 1650 адам медициналык мекемеге кайрылып дарыланып чыкты. Анын 29у пенсионерлер. 

Коронавирус пандемиясы жазык-аткаруу тутумунун кызматкерлерин да айланып өткөн жок. 75тен ашык кызматкер ооруга чалдыкты, госпиталда илдетти жуктуруп алгандарды дарылоо боюнча стационар уюуштурулду. Алар сакайып, бүгүнкү күнү кызматына киришти. 

Коронавирус илдети учурунда жазык-аткаруу тутумунун жабык мекемелериндеги жаза өтөп жаткан соттолгондорду жана камакта кармалган адамдарды жугуштуу оорудан сактап калуу, алардын муктаждыктарын ыкчам жана түшүндүрүү-тарбиялоо жолу менен чечүү - бул аябагандай чоң тажрыйбаны жана жетекчиликтин эркин талап кылат. Өлкөнү азапка салган пандемияга чейин ведомствонун өзүнүн госпиталынын жана бейтапканасынын ачылышы - бул төраганын масштабдуу ой жүгүртө билген жана көргөч жетекчи экендигин далилдеди.

Кыска мөөнөттүн ичинде ЖАМКнын Борбордук аппаратындагы Мониторинг жана анализ борбору түзүлдү. Аталган борбор аркылуу атайын түзүлгөн видеоконтролү кызматы тарабынан мекемелердин ишмердүүлүгүнө күнү-түнү контролү жүргүзүлөт. Мындан тышкары, мекемелердин көпчүлүк кызматкерлери кызмат өтөө учурунда төшүнө тагынып жүрүүчү видеожаздыруу камералары менен камсыз болушту. Бул киргизилген техникалык жаңылыктар мекемелердеги кызматкерлердин кызматтык тартипти бузуусун төмөндөтүүгө жана соттолгондор тарабынан тартип бузуулардын алдын алууга шарт түздү. 

Жазык-аткаруу тутумунун ардагерлери ашыкча көп көңүл бурууну деле талап кылбаган жөнөкөй адамдар. Бирок, Мекенине ак кызмат кылган ардагерлерге көңүл керек. Жетекчиликтин чечими менен Борбордук аппаратта ардагерлер менен иш алып баруу боюнча сектор түзүлүп, ал ардагерлерди укуктук, социалдык, психологиялык, медициналык жактан колдоого багытталды.  Ошентип, 2019-жылы ЖАМКнын төрагасынын буйругу менен 28-август - Жазык-аткаруу тутумунун ардагеринин күнү деп жарыяланды. Ар бир пенсионерге эшиги ачык болгон Ардагерлер кеңешинин иш бөлмөсү уюштурулган. Ага Борбордук аппараттын жана мекемелердин ардагерлери, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, демөөрчүлөр келип турушат.

Коронавируска карата карантин убагында Улуттук Кызыл Жарым ай коомунун, БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын, түрк жана башка жеке жеке ишкерлердин колдоосу менен  муктаж болгон 100дөн ашык пенсионерге жардам  көрсөтүлдү. 

Ардагерлер менен иш алып баруунун дагы бир багыты - кызмат өтөө учурунда каза болгон жазык-аткаруу тутумунун кызматкерлеринин үй-бүлөсүнө кам көрүү. Учурда мындай 30 балага майрамдарда жана башка убактарда мүмкүнчүлүктүн болушунча кийим-кечек, окуу куралдары, тамак-аш түрүндө материалдык көмөк көрсөтүлөт. Бул сыяктуу иш-чаралар ЖАМКнын жетекчилиги тарабынан финансылык жактан колдоого алынып келүүдө. Ардагерлер ушундай алгылыктуу иштер үчүн генералга ыраазычылык билдирип,  ардагердик ак бата бермекчибиз. Ылайым ак жолуң ачык болсун!

 

А. НИШАНБАЕВ,

ЖАМКнын жалпы ардагерлеринин атынан

Ардагерлер кеңешинин төрагасы, 

ички кызматтын полковниги

2020-09-18 05:29:31