Жеңиш Молдокматов
"Замандаш" саясий партиясынын лидери

ЕАЭБдеги татыктуу орун
Жаңылыктар архиви

Эл "Замандаштын" талапкери Алмаз Акматовго ыраазылык билдиришти

Бул жолу "Замандаш" партиясынын талапкерлери Нарын облусунун Нарын районун кыдырышты. 

Мелис Турганбаев, Алмаз Акматов, Чынара Шейшекеева, Бакай Асылбек уулу курамында бар бир катар  талапкерлер алгач Нарын шаарында Афган согушунун, Баткен окуясынын, Чек ара кызматынын жана Ички иштер кызматкерлеринин ардагерлери менен жолугушту. Ардагерлер талапкерлерге өздөрүнүн көйгөйлөрүн айтышып, ак батасын беришти.

Андан соң аталган топ Эмгекчил, Кара-Чий, Жерге-Тал, Эмгек Талаа, Куланак, Чет-Нура айылдарында болушуп, "Замандаш" партиясынын программасы менен тааныштырышты. 

Эмгекчил айылындагылар Мелис Турганбаевдин Солтон-Сары кениндеги чет өлкөлүк алтын иштетүүчү компаниянын ишин токтотуу үчүн чыккан чырда жашоочулар менен жолугуп, анын тынч  чечилишине шарт түзгөнүн да эскеришти. 

Нарындыктар Алмаз Акматовдун да буга чейин 6-чакырылышта жасаган эмгектери үчүн ыраазычылык билдиришип, ак жол каалашты.

Алардын айтуусунда, ал бир катар айылдарга таза суу чыгаруу, мектеп салуу,  насостук станция куруу, авто унаа маселесин чечүү, мектепке жылуулук системасын киргизүү боюнча иштердин бүтүшүнө салым кошкон. Ошондой эле, анын демилгеси менен Бишкек-Торугарт авто жолунан үнөмдөлгөн каражатка Он-Арча- Жаңы -Талап-Ашырма жолунун 27 чакырымы курулуп жатат. Бул жол менен Ак-Талаа, Тогуз -Торо жол каттамдары жүрөт.

Элетттктер "Замандаш" партиясынын дайыма эл менен байланышта болуп келгенин айтып, алар Жогорку Кеңешке барса, эл көйгөйүн чечет деп ишенерин билдиришти.

2020-09-18 05:49:00