Жеңиш Молдокматов
"Замандаш" саясий партиясынын лидери

ЕАЭБдеги татыктуу орун
Жаңылыктар архиви

Замандаш" партиясынын талапкерлери Кочкор районунда

Замандаш" партиясынын талапкерлери Мелис Турганбаев, Чынара Шейшекеева, Бакай Асылбек уулу Нарын облусунун Кочкор районунун тургундары менен жолугушту.

Талапкерлер «Замандаш» партиясы шайлоого тажырыйбалуу инсандар менен  бара жатканын билдиришип, алардын катарында дарыгерлер жана мугалимдер да бар экенин айтышты жана партиянын багыттары боюнча элге кенен маалымат беришти.

Кочкор районунун тургуну, легендардуу парламенттин депутаты Кубатбек Акматбеков Жогорку Кеӊештин депутаттарынын эки гана милдети бар экенин эскертти. Ал: «Депутаттар мыйзам кабыл алып жана анын аткарылышын көзөмөлдөшү керек. Бизде мыйзам жазган депутаттар аз. Ал эми, мыйзамды ким жазыш керек? Аны Мелис Турганбаев сыяктуу маселени тереӊинен билген адамдар жазышы керек. Мына, парламентке ушундай  тажырыйбалуу жана билимдүү адамдарды алып барышыбыз зарыл. Биз көп талапкерлерди көрүп жатабыз, Өкмөт жасай турган жумуштарды мен жасайм деп жатат. Бул туура эмес. Биз эми баардык партияларды салмактап көрүп, жакшы ойлонуп шайлайлы. Мен «Замандашка» ишенем»,-деп билдирди.  

Карапайым эл бир катар көйгөйүн көтөрүшүп, Жогорку Кеӊеште депутаттардын санын кыскартуу, сессияларды кыргыз тилинде өткөрүү сыяктуу маселелерди да ортого салышты.

2020-09-19 09:21:02