Жеңиш Молдокматов
"Замандаш" саясий партиясынын лидери

ЕАЭБдеги татыктуу орун
Жаңылыктар архиви

Кыргызстандын жаркын келечегине ишенем

Бишкек шаарындагы Улуттук хирургия борборунун анестезиология жана реанимация бөлүмүнүн башчысы, ЖКга «Замандаш» партиясынан талапкер Гүлнара Мамбетсеитова менен маек.

- Гүлнара  айым, негизи, дарыгерлер саясаттан алыс жашаган калк эмеспи. Сиз кандайча саясатка аттанып калдыңыз?

-Ооба, дарыгерлердин арасынан саясатка баргандар жокко эсе. Бирок, акыркы кездеги абал бизди да саясатка аралашууга аргасыз кылды. Соңку эле учурдагы Өкмөттүн иши, депутаттардын дарыгерлерге, жалпы элге жасаган мамилеси мен сыяктуу көп дарыгерлерди ойлондурду. Жугуштуу илдет күчөп, эл кырылып жатканда, депутаттарыбыз дарыгерлердин өргүү акчасынан бир нече эсе көп акча алып, каникулга кетип калышты. Ошол эле убакта дарыгерлер эс алган жок. Маселен, биздин клиника абалы оор бейтаптар менен иштедик, 85 пайызыбыз Covid-19 менен ооруп айыктык. Ал кезде «эл өкүлдөрү» элди таштап коюшту. Ар бир өнүккөн мамлекетте мындай кылыгы үчүн депутаттар отставкага кетишмек.

-Биздин өлкөдө саламаттык сактоо тармагына кандай реформа керек деп ойлойсуз?

-Саламаттык сактоо тармагына реформа жасоо үчүн биринчи кезекте мамлекет бул тармакка мамилесин өзгөртүүсү зарыл. Эң алгач ага жетишээрлик каражат бөлүүсү кажет. Акыркы кезде бизде заманбап жабдуулар менен жабдылган ооруканалар салынган жок. Материалдык-техникалык база начар. Жер-жерлерде квалификациялуу кадрлардын жетишсиздиги да өз кедергисин тийгизет. Медакадемия жылыга бир канчалаган медиктерди даярдап чыгараган менен, анын көбү гинекологдор, хирургдар, терапевттер, окулисттер жана башка адистиктер. Пандемия болсо бизге биринчи кезекте квалификациялуу вирусологдор жетишпестигин көрсөттү. Эпидемиолог, инфекционист, пульмонологдор, анестезиолог-реаниматологдор да жетишпейт. Ошон үчүн реформаны окутуудан, адистерге билим берүүдөн башташ керек.  Анан албетте, дарыгерлердин айлык маяналарын көтөрүү зарыл. Чындыгында, биздин мамлекетте дарыгерлер жетиштүү эле даярдалып жатат. Бирок, анын баары чет өлкөгө аттанууда. Анткени, биздин өлкөдө айлык маяналары аз. Дарыгердин базалык  чени 5 миң сом. Бул калктын жашоосунун минималдуу өлчөмүнөн да аз.  7 жыл бою билим алган дарыгер ушунча суммадагы айлыкты алууга татыктуубу? Деги эле, ушул суммага бир ай кантип жашап, балдарын кантип бага алат?  Жаштар андай жашоону каалабайт. Андыктан, сыртка агылууда. Ал эми, сыртта дарыгерлердин эмгек акысы жогору, аларга социалдык жеңилдиктерди берүү каралган, ооруканалары, поликлиникалары материалдык-техникалык жактан заманбап жабдуулар менен жабдылган. Бизде качан акыркы жолу заманбап оорукана салынды? Эч качан.

-Сиз жакынкы арада бизде жакшы реформалар болот дегенге ишенесизби?

-Көп эле билимдүү кишилер менен сүйлөшсөң, «Биздин мамлекеттин келечеги  жок» дешет. Мен буга ишенгим келбейт. Шайтан гана үмүттөнбөйт. Мен баламдын жаркын келечегин каалайм! Биз ар бирибиз балдарыбыз бактылуу болушун каалайбыз. Андыктан, ага барылап аракет көрүүбүз зарыл. Мен эми өз тарыхы жана түз жолу бар «Замандаш» менен саясатка аттанып, өлкөбүздөгү медицина тармагына тиешелүү көйгөйлөрдү гана көтөрбөстөн, өзүм, жакындарым жон териси менен сезген социалдык көйгөйлөрдү, билим берүү тармагындагы маселелерди көтөрүп чыгууга даярмын. Мен өлкөнүн жаркын келечегине ишенем!

2020-09-19 09:35:00