Жеңиш Молдокматов
"Замандаш" саясий партиясынын лидери

ЕАЭБдеги татыктуу орун
Жаңылыктар архиви

Генерал Мелис Турганбаев Чүй облусунун эли менен жолугушту

"Замандаш" партиясынан Жогорку Кеңешке талапкер генерал-майор Мелис Турганбаев  үгүт кампаниясынын алкагында Чүй облусунун Аламүдүн, Сокулук райондорун кыдырды. 

Ал Виноградное, Константиновка, Жаңы -Жер, Төмөнкү Чүй жана башка айылдарда болуп, шайлоочуларды "Замандаш" партиянын программасы менен тааныштырды жана элди таза шайлоого үгүттөдү.

Элеттиктер айыл көйгөйлөрүн көтөрүшүп, талапкер Жогорку Кеңешке шайланып калса, аны чечүүгө жардам берүүсүн сурашты. Алар ошондой эле, Мелис Турганбаевдин өз ишинде көргөзгөн жетишкендиктеринен кабарлары бар экенин айтышып, анын министрге чейинки карьерасы ылдыйкы тепкичтен акырындап көтөрүлүү менен башталганын жана эл үчүн да көп алгылыктуу иштерди жасаганын белгилешти.

Жолугушууда Мелис Турганбаев жемкорлук жасагандарга Мекенди саткан менен бирдей эле баа берүү керектинин айтты. Ал ошондой эле, өлкөдө көп тармактарда реформа жасоо зарылдыгына токтолду: "Көп министрликтердин иштөө системасын түп тамырынан бери реформалоо керек. Жакынкы күндөрү эле болгон пандемия Саламаттык сактоо министрлигинин абалы кандай экенин көргөзүп койду. Бюджетте акча жок дейбиз, аны рационалдуу пайдалануу керек. 

Көп балдар мектепке барбай калып жатат. 2011-жылдары эле 116 миң бала мектепке барбай калган. Бул маселени Жогорку Кеңеште көтөргөм. Биз билими жок балдарга кандай келечек жасап беребиз? Ошондой эле, учурда мугалимдер, дарыгерлер жана ички иштер кызматкерлеринин айлык маяналарын көтөрүү зарыл болуп турат", -деп билдирди ал.

Виноградовка айылынын тургуну Гасанов Рамазан: "Мен айылдагы балдарды спорт менен машыктырып, өзүмдүн күчүм менен тарбиялап келем. Ошентип, биздин наристелер бир катар жеңиштерге жетишти. Мага мамлекеттен эч бир жардам болгон эмес. Мелис Турганбаев жаштарды көп колдоп келет. Биз балдардын келечегин ойлосок, ушундай кишилерди депутаттыкка шайлашыбыз керек. "Замандаш" партиясында мекенчил адамдар бар. Алар элдин баалуулуктарын билет, баалайт жана аны келечекке өткөрүп берүүгө шарт түзө алышат",-деп билдирди.

Генерал Жаңы -Жер айылына келгенде, мындагы дыйкандар айылда 100 миң тоннага чейин капуста айдала турганын жана аны сатып, четке өткөрүүдө көп кыйынчылыктар жаралып жатканын баяндашты. Ошондой эле, айылда жүздөгөн жаңы үйлөр курулганы менен аны документттештирүү 40 миң сомго чейин чыгып кетерин, бул карапайым калк үчүн оор экенин айтышты.

Жолугушууларда ак сакалдар талапкерге ак батасын беришип, ак тилек менен узатышты.

2020-09-24 12:44:00