Жеңиш Молдокматов
"Замандаш" саясий партиясынын лидери

ЕАЭБдеги татыктуу орун
Жаңылыктар архиви

Ак-Талаа эли Замандашты марага чейин сүрөйт

Нарын облусунун Ак-Талаа районунда "Замандаш" партиясынан ЖКга талапкер Жакшылык Матанов өзүнүн кичи мекени болгон Ак-Талаа районунун эли менен жолугушуу өткөрдү. 

Алгач, Тоголок-Молдо айылынын жаштары Замандаш партиясын тазалык акциясы менен тосуп алышты. Айылдын башынан этегине чейин тазалоо иштери жүрдү. Иш-чаранын максаты айылыбыз, районубуз, өлкөбүз таза болсун. Таза адамдар Жогорку Кеңешке келишсин деген аруу тилек менен ишке ашты. Андан соң, Жогорку Кеңешке Замандаш партиясынан талапкер Жакшылык Матанов Тоголок-Молдо айылын жашоочулары менен жолугушту.

Ушуга утурлай Жогорку-Май, Ак-Кыя, Куртка, Актал, Үгүт айылдарынын тургундары менен кезигип, ар тараптуу суроолор берилип, канааттандырарлык жоопторун алышты. 

Жыйынтыгында, Акталаа эли "Замандаш" партиясын, партия лидери  Жеңиш Молдокматовду, Акталаа районунун  бычакка сап уулу Жакшылык Матановду кубаттап, бир добуштан колдоп марага чейин сүрөп берүүгө сөз беришти. Үгүт кербени Акталаанын башка айылдарында дагы уланат.

2020-09-27 00:24:00