Жеңиш Молдокматов
"Замандаш" саясий партиясынын лидери

ЕАЭБдеги татыктуу орун
Жаңылыктар архиви

Ак-Талаа эли "Замандаш" менен

Ак-Талаа районунун Байгөнчөк айылы Замандаш менен.

Айыл ак сакалдары Ак-Талаа районунан Жогорку Кеңешке Замандаш партиясынан талапкер, партия лидери Жеңиш Молдокматовго жана Жакшылык Матанов экөө тең атанын мыкты уулдары экенин баса белгилешип ак жол каалашты.

Ак-Талаа районунун Терек айылы "Замандаш" партиясын мыкты маанайда тосуп алышты. Жогорку Кеңешке талапкер Жакшылык Матановго ак батасын беришип, айыл ак сакалы, акын

Оруналиев Сагынбай ата Мухтарбек Өмүракуновго арнап жазган ырын окуп берип, келген адамдарды жашытты. Өзүнүн китебин белек катары "Замандаш" партиясынан Жогорку Кеңешке талапкер Жеңиш Молдокматовго, Чынара Шейшекеевага, Мелис Турганбаевге, Айсулуу Мамашевага белекке берип жиберди.

Ак- Талаа районунун Кайыңды-Булак (РТС) айылы, Замандаш менен. Жогорку Кеңешке талапкер Жакшылык Матанов эл менен жолугушуп, партиянын программасы, алдыдагы максаттары тууралуу кеңири айтып берди.

2020-09-29 13:57:00