Жеңиш Молдокматов
"Замандаш" саясий партиясынын лидери

ЕАЭБдеги татыктуу орун
Жаңылыктар архиви

«Биз Мелис Турганбаевди колдойбуз!»

Кыргыз Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын ардагерлери Бишкек шаарынын борборунда чогулушуп, «Замандаш» партиясынан Жогорку кеңешке депутаттыкка талапкер болуп бараткан генерал-майор Мелис Турганбаевди колдой турганын билдиришти жана анын себептерин түшүндүрүп беришти. 

Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын ардагери, ички кызматтын полковниги, бул тармакта 1982-жылдан 2006-жылга чейин эмгектенип келген Эшимбек Эркегулов Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы ар кандай жолду басып өткөнүн жана ошол мезгилде анын кызматкерлери өздөрүнүн милдеттерин так аткарып келишкенин айтат. «Ошол жылдар аралыгында ар түрдүү кырдаалдар болду. Көч бара-бара түзөлөт дейт, акырындап өзүнчө кызмат болуп, бир катар маселелер чечилип келе жатат.

Генерал Мелис Турганбаев ЖАМКнын төрагасы болуп келген кыска убакытта көптөгөн жумуштар аткарды. Кызматкерлер турак-жайлар менен камсыз болушту. Кызматкерлердин жана алардын үй-бүлөлөрүн, ардагерлердин ден-соолугун чыңдоо максатында оорукана салынды. Борбордук имаратта азыркы заманбап техникалар менен жабдылган борбор ачылып, ал аркылуу жер-жерлердеги мекемелерди көзөмөлдөп турууга шарт түзүлдү. Анын жеке демилгеси менен 28-август Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын ардагерлеринин күнү болуп белгиленди. Бул биз үчүн көргөн чоң сый-урмат. Биз анын талапкерлигин колдоп, элди да ал бара жаткан партияны колдоого чакырабыз»,-деди ал.

ЖАМКнын мурдагы төрагасы, ички кызматтын полковниги Советбек Арбаев: «Мелис Турганбаев кайсы кызматта иштебесин, өзүнүн кесипкөйлүгүн жана реформачыл жетекчи экенин көргөзүп келет. Ал Ички иштер министрлигинеде да көп жумуштарды жасап кетти. Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматында да өзүн тажырыйбалуу жана чечкиндүү жетекчи катары көрсөттү. Бир чети биз Турганбаев депутат болуп кетсе, анын ордуна өзүндөй иштеген киши келеби деп кабатырлануудабыз. Экинчи чети, биз анын жолу ачык болуп, парламентке баруусун тилеп жатабыз. Себеби, Жогорку Кеңеште биздей карапайым адамдардын сөзү угуп, көйгөйүбүздү чече турган адам болушу кажет. Негизи эле, Жогорку Кеңеште иш билген Мелис Токтомамбетовичтей генерал болушу зарыл. Ал бир канча мыйзамдарга демилгечи болуп келген. Алдыда да жакшы мыйзамдарды жазат деген тилектебиз», -деп билдирди.  

Ардагер, ички кызматтын полковниги Тургунбек Токтосунов Мелис Турганбаев ЖАМКга жетекчи болуп келиши менен камакта жаткандардын да жашоосу, мындан аркы турмуш жолу оңолуп кетүүсү үчүн көп аракеттер болгонун айтып, соттолгондорго паспорт алып берүү, аларды окутуу жана кесипке даярдоо иштери жүрүп жатканын кабарлады. Ал былтыркы жылы камактан чыккандарга жардам берүү боюнча жаңы кызмат ачылганын айтып, генерал жетекчи болуп келгенден бери кызматкерлерде аскердик духу көтөрүлгөнүн кошумчалады.

2020-10-01 07:26:00