Жеңиш Молдокматов

"Замандаш" саясий партиясынын лидери

Молдокматов Жеңиш Өмүргазиевич

1983-жылы 8-майда Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Жаңы-Талап (Куртка) айылында туулган. 

Коомдук ишмер, саясатчы, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруунун адиси, экономист, мугалим, тренер, демилгечи инсан. Кыргыз, орус, англис, испан жана түрк тилдеринде эркин сүйлөйт. Мамлекеттин өнүгүшүнө өз салым кошууга умтулган демилгелүү, келечеги кең, иштерман, жаштарга үлгү боло алган жаран. 

Үй-бүлөлүү, эки баланын атасы.

Молдокматов Ж.Ө. 2018-жылдан бүгүнкү күнгө чейин «Замандаш» саясий партиясынын лидери, «Замандаш» КФ президенти болуп иштеп келет. 2016-жылдан тартып «Замандаш» саясий партиясынын тең төрагасы. 2013 – 2015-ж. «Калыс» коомдук-саясий кыймылынын лидери, ал эми 2010-2013-ж. «Кыргызстан жаштарынын кеңеши» коомдук-саясий кыймылынын лидери милдетин аркалаган. Коомчулукта адам укугун коргоо, мыйзамсыздык, коррупциялык көрүнүштөргө каршы күрөшүү демилгелеринин активдүү катышуучусу.  

2004-2009-ж. Борбордук Азия Университетинин Кесиптик жана үзгүлтүксүз билим берүү мектебинде бизнести башкаруу, туризм жана айыл чарбасы программаларынын координатору, академиялык маселелер боюнча менеджер, Сантьяго-де-Компостела университетинин (Испания) эл аралык бөлүмүндө «Erasmus Mundus External Window Lot9» долбоорунун Борбордук Азия боюнча координатору болуп иштеген. 2006-2007-ж. Нарын мамлекеттик университетинин Эл аралык бөлүмүнүн координатору жана Медиа борборунун менеджери кызматын аткарган. Алгачкы ишмердүүлүк жолун 2002-2004-ж. Нарын шаарындагы №7 М.Сыдыков атындагы мектепте англис тили мугалими болуп иштеп баштаган.

Билими жогорку, 2005-2007-ж., OSI LGI Ачык коом институтунда (Венгрия) «Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу», «Этникалык айырмачылык жана чыр-чатактарды башкаруу» боюнча кесиптик жана үзгүлтүксүз окуу курстарын, 2012-2017-ж., Нарын мамлекеттик университетин «Экономика жана мамлекеттик башкаруу» адистиги, 2010-ж., КР Президентине караштуу Башкаруу академиясын «Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу» боюнча квалификацияны жогорулатуу курстарын аяктаган. 

Ата теги жөнүндө айта кетсек, Молдокматов Ж.Ө. санжыра боюнча, түптүү Кыргыз уругунун Саяк уруусунун Үч Куртка бутагынан болот. Айтылуу Тайлак баатыр менен онунчу муундан кошулат. Жеңишбектин атасы Өмүргазы жаш кезинен илимпоздукка багыт алган, билимдүү педагог болгон. Чоң атасы Токтогул убагында колхоздун башкармасы болуп иштеген. Бабасы Молдокмат өз доорунун бардар адамы болсо, жотосу айтылуу Жаманак баатыр, жетеси Ырай окумал, билимдүү инсандардан болушкан. 

Молдокматов Ж.Ө. учурда Кыргыз Республикасынын жарандарына өлкө ичинде жана чет мамлекеттерде активдүү колдоо көрсөтүп, ички жана тышкы миграция маселелерин чечүүгө олуттуу салымын кошуп жатат.